Аалымдарыбыз айтат: “Ата-энелер кыздарына күйөө баланы самандын арасынан ийнени издегендей издеши керек.” - деп.
Ата-бабаларыбыз кызына күйөө тандоодо кылдат болушкан. Баланын ата тегине, адеп-ахлагына көңүл коюшкан. Жети атасы тууралуу сурап, жадакалса отун жардырып көрүүдөн кайра тартышкан эмес. Кыздарга кол жеткис жылдыздай мамиле жасашкан. Мусулман эмес эркектер тууралуу жуучулук эмес, ооз ачууга мүмкүндүк беришкен эмес. Калмакка жана кытайга кыз бербөө тууралуу “Желке тон болбойт, жээн эл болбойт.” “Жээнден келгиче жети жерден желмогуз келсин” деп кыска гана өздөрүнүн позицияларын билдирип коюшкан.
Бул китеп дал ушул ата-бабаларыбыз сыяктуу кызынын турмушуна кайдыгер карабаган ар бир ата-энеге, агаларга жана жеңелерге, дагы албетте аруузат кыздарыбызга арналган🌷