итептин автору — Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов. Тарыхый чындыкты камтыган китептеринин бири — «Маркумдар үнү» чыгармасы. Китепте кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиевдин өмүрү менен ошол учур сүрөттөлгөн. Сталиндин саясаты, кыргыздардын агаруусу, кыргыз атынын сакталып калуусу үчүн жанын курмандыкка чалууга даяр болгон К. Тыныстанов, Ж. Бөкөнбаев, А.Осмонов, Т. Сыдыкбеков, Ж. Турусбеков, У. Абдукайымов, М. Элебаев, А. Токомбаев сыяктуу улуу инсандарыбыздын Сталин доорундагы кыйынчылыктары, кызыктары камтылган. «Маркумдар үнү» деп аталган китеп 1990-жылы басууга берилип, 1991-жылы 30000 миң нускада жарык көргөн. Жалпы 314 беттен турат.