Ал жигит ким эле?…
Кылмышкерлер толгон жыйналыш залында так эле бир сезим айкырыгы орун алып,андагылардын көздөрүндө жаш,көңүлдөрү түпөйүл ,жүрөктөрү күйүткө толуп турду.
Ар бирин түйшөлтүп сезимдерин кыйнаган учурда,салабаттуу,каны кайнап албууттанган бир жаш жигит ордунан атырылып туруп эле бакыра баштады “Мени кара,-деди,-мен Аллахка да ,Пайгамбарга да муктаж эмесмин.Баргын да бул насыйкаттарыңды эскичилдерге,сени уккандарга айт.Эгерде,сен айткан ,сүйгөн Аллахың бар болсо,биз бул жерде болбойт элек.Мен өмүр бою абакка кесилгенде Аллахыңар каякта эле?!Азыр алдыма келип алып,Аллах ушундай ырайымдуу деп келжиреп жатасың.Ошондойбу?”
Күзөтчүлөр жигиттин оозун жабууга аракет кылып жатканда,”Менин атым-Мухаммед,Аллахы жок жана динсиз бир киши өлтүргүч”-деп айкырык салганды уланта берди.
Анын оозунан заар бир ачуу атып чыгып,андан чыккан сөздөрдүн учкундары жүрөгүмдү тилип жатты.
Залды болуп көрбөгөндөй жымжырттык уялаган.Андагы адамдар аң-таң болуп ,бири-бирин суроолуу карап жатышты.
Бул жигит ким эле?…