Жан-Аян менен Аруужан...
Бир өлкөдө, бир шаарда, бир жылда, бир айда төрөлүшкөн. Анан калса, бир колледжде да окушат.
Экөөнүн курчаган чөйрөсү, тегерегиндеги адамдар,
кызыкчылыктары да бирдей. Анткен менен мүнөздөрү эки уюлдай болуп, бири-бирине карама-каршы. 15ке чыкканда тагдыр экөөнү беттештирет. Анда алар алдыда өткөөл курак, ата-эне менен келишпестик, достук жана жалгыздык, өзүңдү таануу деген көйгөйлөрдүн казанында кайнап жатып, бирин-бири бышырарынан кабарсыз эле.
А сиз бул кыздардын жан дүйнөсү менен таанышып
жатканда ким тарабында болор экенсиз?😇