Жашоо ушундай: эртең менен турганда, кечинде кайда болоруңдан кабары жок, кечинде жаздыкка баш койгон кезде, таңында кандай тагдыр күтүп турганын билбейсиң. Ошондуктан жашооңдун ар бир ирмеминде кийинки аялдама сеники болуп калышы мүмкүн экенине даяр болушуң керек.
Бул китепте динди жана Аллахтын бар экенин танып жүргөн деист жана атеист студент кыздардын тагдыры баяндалат.
Көптөгөн сыноолорду башынан өткөргөндөн кийин окутуучусунун арты менен жашоосунун соңку күндөрүндө туура жолду таап, ыйманга келип, акырет жашоосун азаптан куткара алгандыктары тууралуу баяндалат.