Автордон:✍🏻
Бул китепти жарыялоо менен максатыбыз – Аллах Тааланын пенделерин хидаятка, туура жолго багыттоого себепчи болуу. Биз ишенебиз: эгер ушул китеп бир адамдын жашоосуна жарык алып келип, туура жолду тапканга жардам берсе, өзүбүздү бактылуу деп эсептейбиз.
Аллах Тааладан бул эмгекти жазуудагы ниетибиздин Өзү үчүн гана болушун жана пенделерине пайдалуу болуусун сурайбыз. Анткени Аллах – Жоомарт, Берешен жана чексиз Мээримдүү Зат.✨