Аалымдарыбыз айтат: «Ата-энелер
кыздарына куйоо баланы самандын арасынан ийнени
издегендей издеши керек.» - деп.
Осмон олкосундогу ата-энелер жуучулукка келген
куйоо баланын тизелерине карашчу. Уйунон куйоо
баланын шымдарын алдыртып, тизелерине карашчу.
Шымдын тизелери чыгып, жукарганынан, тулогонун
анын намазкандыгына маани беришкен.
Ата-бабаларыбыз кызына куйоо тандоодо кылдат
болушкан. Баланын ата тегине, адеп-ахлагына конул коюшкан. Жети атасы тууралуу сурап, жадакалса отун
жардырып коруудон кайра тартышкан эмес. Кыздарга
кол жеткис жылдыздай мамиле жасашкан. Мусулман
эмес эркектер тууралуу жуучулук эмес, ооз ачууга
мумкундук беришкен эмес. Калмакка жана кытайга кыз
бербо тууралуу «Желке тон болбойт, жээн эл
болбойт.» «Жээнден келгиче жети жерден желмогуз
келсин» деп кыска гана оздорунун позицияларын
билдирип коюшкан.
Бул китеп дал ушул ата-бабаларыбыз сыктуу
кызынын турмушуна кайдыгер карабаган ар бир ата-
энеге, агаларга жана женелерге, дагы албетте аруузат
кыздарыбызга арналды.
Статиска боюнча дуйно жузундо турмушка чыгып
жаткан кыздардын дээрлик 50% ы кайра ажырашып,
турмуштун таштак жолуна тушуп жаткан учурда, бул китеп аярлуу кыздарыбыздын бактысына бирааз да
болсо себепчи болуп калуусун Аллахтан сурайбыз.