Имам Газалий бул китебинде өзүнүн эң жакын шакиртине жүрөк түпкүрүнөн чыккан насаатын айтат. Калайык калактын бүт катмарына бирдей зарыл болгон бул китепченин ар бир сүйлөмүндө жашоонун бир мыйзамы камтылып турат. Андыктан бул китеп бардык үммөткө айтылган насаат болуп эсептелинет. Бул китепченин өзгөчөлүгү автор өмүрүнүн коротуп чогулткан илимин, тажрыйбасын жана жашоодон түшүнгөнүн бир китепчеге сыйдырып кеткенинде.