Көңүл борборуңуздагы чыгарма жаратылыш менен адамзатына өз ара мамилесин, ьири-бирине билинбей көрсөткөн көмөгүн, катаал карама-каршылыгын баяндоого сынбаш үчүн көрсөткөн эрдигин автор көркөм табылгалар менен сүрөттөп жеткирген.
Кубалык балыкчы чал узак жашоосундагы эң чоң олжосуна ээ болгону менен, пенденин ийгиликке жетүүсүндө оңой жол жоктугуна, бардыгында кыйынчылык бар экенине көзү жетет. Мында жашоонун катаалдыгы деңиз түрүндө сүрөттөлсө, ага туруштук берүүчү жан алсыз болсо да эрки бекем кары түрүндө берилет. Ал эми мындагы чоң балыкты инсандын жашоодогу ооматы, ийгилиги десек болот.